Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Сабалды делген балдардын иши Нарын облустук ИИБна берилет


Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.
Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.

Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүсү Улан Жаныбеков “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтуусунда, 4 жана 6 жаштагы балдар Жумгалда, чоң ата, чоң энесинин колунда жүрүп кыйноого кабылышкан. Ушул тапта балдар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдө.

Бишкектеги Тез жардам борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, 5-январь күнү кечке жуук 4 жаштагы бала эс-учун жоготту деген чакыруу Көлмө жаңы конушунун Үмүт көчөсүндө жашаган тургундардан болгон. Чакыруу боюнча барган дарыгерлер ал үйдө 4 жаштагы баладан башка дагы 6 жаштагы кыз бар экенин, кыздын денеси көгала, колдору күйүк экенин байкап, экөөнү тең ооруканага жеткиришкен.

№3 ооруканадан балдарды бүгүн апасы чыгарып кеткени кабарланган болчу.(KE\ZKo)

XS
SM
MD
LG