Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Шаардагы Айти жума мечитинде 10 күндөн бери облустун ар кыл район-шаарларынан келген 20дай окуучу араб тилин үйрөнүү менен куран жаттап жатышат. Бул тууралуу мечиттин имамы Айбек Ташбаев "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругуна ылайык мечиттерде окуучулардын кышкы каникулу учурунда диний сабактар уюштурулуп, таалим-тарбия иштери жүргүзүлүүдө. "Ошол себептүү биздин мечитте илимдүү молдолор жаштарга үгүт-наасат иштерин жүргүзүп, тарбия берүүдө",- дейт Ташбаев.

Облустук казыяттан алынган маалыматка караганда, мындай окуулар көпчүлүк мечиттерде уюштурулуп, кабыл алууга алдын ала жарыя берилген. Мечиттеги сабактар мектептеги окуу башталганча улантылат. Облуста 600гө чукул мечит бар, алардын 530у каттоодон өткөн. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG