Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Ирак менен Сириянын көптөгөн аймактары бошотулду


Сириянын Маарет аль-Нуман шаары, 5-январь, 2016-жыл.
Сириянын Маарет аль-Нуман шаары, 5-январь, 2016-жыл.

АКШ башында турган эл аралык күчтөр былтыркы жылы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ басып алган бир катар аймактарды бошотууга жетишти. Коалициянын өкүлү, полковник Стив Уоррен Ирактын аталган топ басып алган жеринин 40%, Сирияда 20% кайра алынганын жарыялады. Уоррендин айтуусунда, азыр террордук топ коргонуу аракетине өттү.

Аба соккуларынын жардамы менен күрт ыктыярдуу аскерлери Ирактын түндүгүндөгү Синжар дубанынан жана башка райондордон, Түркия менен чектеш аймактардан согушкерлерди сүрүп чыгарды. Ирактын борбордук бөлүгүндө өкмөттүк күчтөр шииттердин отряддары менен биргеликте Тикрит шаарын ээледи. Өткөн айдын этегинде Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарындагы согушкерлердин үстүнөн болгон жеңиш эң чоң ийгилик катары бааланды. Полковник Стив Уоррен мунун баары террорчу уюм барган сайын алсырап баратканын далилдеп жатканын, май айынан бери алардын жаңы аймактарды басып алуу аракетинен майнап чыкпаганын ырастады.

Ушул тапта Сириянын бир катар бөлүгү жана Ирактын түндүк-батышындагы райондор дале “Ислам мамлекети” уюмунун көзөмөлүндө турат. Анын ичинде Ирактагы экинчи чоң калаа деп эсептелинген Мосул шаары да бар.

XS
SM
MD
LG