Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Анжияндагы байыркы мунара бузулбай турган болду


Анжияндагы байыркы мунара турган "Жами" комплекси.
Анжияндагы байыркы мунара турган "Жами" комплекси.

Өзбек бийликтери Анжиян шаарындагы XIII кылымда курулган “Жами” архитектуралык комлексин бузуп, ордуна фонтандары менен жаңы имарат салуу чечиминен кайтты. Анжиян облустук бийлигинин өкүлү Абдусафи Рахмоновдун бүгүн "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришинче, бул маселе боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия ушундай чечимге келген. "Азаттык" былтыр жыл соңунда шаардагы байыркы мунара бузулушуна жергиликтүү эл нааразы болуп жатканын жазып чыккан соң өзбек өкмөтү маселени иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Бул топ Анжиянга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөргөн.

Облустук бийлик буга чейин «Жами» комплексинде курулуш иштери 2016-жылдын март айында башталарын, ага чейин имараттарды талкалап, тазалоо иштери жүрөрүн билдирген эле.

Жергиликтүү укук коргоочу активисттер, тарыхчылар Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияевге «Жамини» талкалабай, сактап калуу боюнча кат жолдошуп, мунара менен мечитти талкалоо чечими мыйзамсыз экени да айтылган.

Анжияндагы бул мунара менен мечит 700 жылдай мурда курулуп, байыркы тарыхый мурас катары саналып келет.

XS
SM
MD
LG