Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Арменияда 27 киши чочко тумоосуна кабылды


Армениядагы саламаттык сактоо жагдайын талкуулаган өкмөттүк жыйын.
Армениядагы саламаттык сактоо жагдайын талкуулаган өкмөттүк жыйын.

Арменияда чочко тумоосун жуктуруп алган кишилердин саны 27ге жетти. Акыркы күндөрү оору адам өмүрлөрүн алып кеткен учурлар да катталган. Саламаттыкты сактоо министри Армен Мурадян кечээ өкмөт жыйынында эпидемиологиялык кырдаал көзмөлгө алынганын маалымдады.

Министр ошондой эле өлкөдө дем алуу органдарынын ооруларына кабылгандардын саны кескин өскөнүн да кошумчалады. Мурадян калкты илдеттин алгачкы белгилери пайда болгондо дароо дарыгерлерге кайрылуу кеңешин берди.

Ал эми "Азаттыктын" армян кызматынын кабарчылары айрым бейтапканаларда узун кезектерге күбө болуп келишкен. Майрам күндөрү кээ бир медициналык мекемелер, анын ичинде эмканалар жабык болду.

XS
SM
MD
LG