Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Түндүк Корея суутек бомбасын сынаганын жарыялады


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.

Бүгүн Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы суутек бомбасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн маалымдады. Андан бир нече саат мурда АКШнын Геологиялык кызматы Түндүк Кореянын аймагында күчү 5,1 баллдык жер титирөө каттаган. Кошуна Түштүк Кореянын сейсмологдору жер титирөө ошол бомба сыноодогу жарылуудан чыккан болушу мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Жер титирөөнүн очогу Түндүк Кореянын Пунгери ядролук полигонунан 49 чакырым аралыкта жайгашкан.

Өткөн айда өлкө лидери Ким Чен Ын суутек бомбасын жасоо ийгиликтүү аяктаганын билдирген. Бирок Батыш бул жарыяны ишенбөөчлүк менен кабыл алган. Эгер акыркы маалымат ырасталса анда Түндүк Корея ушуну менен төртүнчү жолу ядролук сыноо өткөргөн болот.

Түндүк Корея 2005-жылы өзүн ядролук держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астынан ядролук сыноо жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган.

2013-жылкы сыноодон кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши өлкөгө киргизилген санкцияларды дагы катаалданткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG