Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Сариев: Миң-Куштун тургундарын көчүрүү маселесин чечүү керек


Өкмөт башчы Темир Сариев радиациялык зыян 120 микрорентгенден ашуун аймакта жашаган 147 үй-бүлөнү башка коопсуз жакка көчүрүү маселесин комплекстүү түрдө чечүү керектигин белгиледи.

Анын айтуусунда, тургундар Чаекке көчүрүлгөн соң, азыр жашап жаткан үйлөр толугу менен жок кылынат. Премьер-министр Миң-Куштун жашоочуларын көчүрүү боюнча токтом даярдоону Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырып, бул үчүн 15-мартка чейин мөөнөт берди. Ал эми жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү учурунда аларды өз коопсуздугуна көңүл буруусун айтып, уран калдыктары сакталган жайга жакын барбоого, ал жерлерде казуу иштерин жүргүзбөөгө, балдардын барып ойноосуна жол бербөөгө чакырды.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн иш сапар менен Нарынга барып, уран калдыктарын сактоочу жайларды көчүрүү боюнча долбоор менен таанышты.(MiK;ZKo)

XS
SM
MD
LG