Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыптады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыптады.

Коопсуздук кеңешинин мындай чукул жыйыны Түндүк Кореянын ядролук сыноо өткөрүшүнө байланыштуу өтүүдө. Пхеньян бүгүн суутек бомбасын сыноо ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган соң АКШ менен Жапония Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынын өткөрүүнү сунуштаган.

Ядролук сыноо тууралуу маалымат ырасталса, анда Түндүк Корея 2006-жылдан бери төртүнчү жолу мындай сыноо өткөргөн болот. Бирок эксперттер жарылуу күчү суутек бомбасынын кубатына жеткенинен күмөн саноодо.

Түндүк Кореянын суутек бомбасын сынаганы тууралуу жарыясынан соң дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Пхеньяндын бул кадамын айыптап чыгышты.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да бул сыноону айыптарын айтса, Жапониянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мотохиде Йосикава дүйнө коомчулугун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно түрдө бузган Пхеньяндын аракетине каршы тезинен чара көрүүгө чакырды.

Түндүк Кореянын 2013-жылкы ядролук сыноосунан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши өлкөгө киргизилген санкцияларды дагы катаалданткан эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG