Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Орусия каналдарына өзгөчө макам берүү боюнча талкуу бир айга созулат


Орусия президенти Владимир Путин.
Орусия президенти Владимир Путин.

Орусиянын эки телеканалына Кыргызстан аймагында өзгөчө макам берүү боюнча кыргыз-орус макулдашуусу февралга чейин коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Айнура Темирбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Биринчи канал” менен “Россия РТР” каналдарына өзгөчө макам берүүнү Москва сунуштаган:

-Орусия аталган эки каналдын контенттерине жылына 3 миллиард доллар коротот экен. Кыргызстанга акысыз көрсөтүшөт. Башка мамлекеттердин баары сатып алат. Ошондуктан, аларга өзгөчө макам беришибиз керек.

Аталган эки канал Кыргызстандагы санарип системасына кошулган. Учурда өзгөчө макам боюнча макулдашууга кол коюла элек. Коомдук талкууда туура деп табылса, анда макулдашууга кол коюлат.

Ал арада жарандык коом арасында муну “Орусиянын саясатын жүргүзүү ыкмасы” деп сыпаттагандар болууда.

Кыргызстанда буга чейин башка мамлекеттердин телеканалдарына өзгөчө макам берүү болгон эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG