Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

“Эркиндик” гүлбагын бүлүндүрүп кетишти


Эркиндик гулбагы жай саратанда.
Эркиндик гулбагы жай саратанда.

Белгисиз бирөөлөр борбор калаадагы “Эркиндик” гүлбагында жарык жүгүртүлүүчү зымдарды үзүп, жакында эле сырдалган отургучтарга жазып, андан калса талкалап кетишкен. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, гүлбак жакында эле атайын каражат сарпталып, толугу менен оңдоодон өткөрүлгөн. Шамчырактар орнотулган түркүктөр, таштанды салынуучу челектер жана отургучтар жаңыланып, сырдалган.

Шаардык мэрия жарандарды жалпы элдин мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга чакырып, кимдир-бирөөлөр тарабынан бүлгүнчүлүк жасалып жатканы байкалса, тиешелүү тараптарга маалымдоону сурайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG