Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 09:19

Токмокто алты жашар кызды зордуктады деп шектелген адам изделүүдө


Кыз 6-январь күнү кечки саат 17:00 чамасында үйдөн чыгып, кайра келген эмес. Ата-энеси милицияга кайрылып, издөө иштеринин натыйжасында кыз жер төлөдөн табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз зордукталган. Милиция иликтөөнүн жүрүшүндө кызды саат 19:00 чамасында белгисиз эркек киши жер төлөгө алып кирип, зордуктаган соң кетип калганын аныктады.

Учурда бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Чүй облустук ИИБнын кызматкерлери зордукчунун аты-жөнүн аныктоо жана издөө иштерин жүргүзүп жатышат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG