Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Гаага арбитраждык соту Коломойскийдин Орусияга койгон доосун карайт


Арыздануучу тарап Орусия Украина менен болгон инвестициялык келишимди бузган деп даттанууда. Гааганын арбитраждык соту украиналык ишкер Игорь Коломойскийдин Орусияга койгон доосун кароо үчүн сот өндүрүшүнө кабыл алды. Доо Севастополдогу “Бельбек” аба майданындагы жүргүнчүлөр терминалына байланыштуу. Украин олигархы бул терминалды 2020-жылга чейин иштетүү укугу бузулганын айтат. Буга байланыштуу даттанган тарап Орусия Украина менен болгон инвестициялык келишимдин шарттарын бузду деп эсептейт. Коломойский келишимдин бузулушуна байланышкан өз жоготуулары 15 миллион доллардан ашуун деп баалайт. Орусия тараптын өкүлдөрү соттун бул ишти кароого укугу жок экенин белгилеп, ага катыша албастыгын айтышкан.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдагы Игорь Коломойскийге таандык мүлктөрдү улутташтырган болчу. Ишкерден Ялтадагы үч санаторийи, мейманканасы, май куйган станциялары жана “Приватбанктын” имараты тартылып алынган. Орусияда Коломойскийге каршы кылмыш иши ачылып, аны камакка алууга сыртынан чечим чыккан.

XS
SM
MD
LG