Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Бахрейн кол салууга даярданган ирандык топ табылганын жарыялады


Бахрейн бийлигинин белгилешинче, бул куралдуу топ Иран революциясынын сакчылар корпусу менен байланышта болгон. Ошондой эле ал топ аркылуу Бахрейндин аймагында бир катар “үрөй учура турган жардыруулардын сериясын” даярдоого “Хезболла” экстремисттик уюмунун көмөктөшкөн байланыштарын полиция таап чыкты.

Бул тууралуу Бахрейндин ички иштер министрлиги 7-январда билдирди. Буга чейин Бахрейн Тегерандагы Сауд элчилигине кол салууну айыптап, Иран менен мамилесин үзөрүн жарыялаган болчу. Сауд Арабиясында белгилүү шиит динаячысы шейх Нимр баштаган 47 адамды өлүм жазасына тартылышына нааразы болгон ирандыктар Тегерандагы Сауди Арабия элчилигинин имаратын талкалап, өрттөп жиберишкен болчу.

XS
SM
MD
LG