Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Обама: АКШ Түштүк Корея менен Жапонияны колдойт


Түндүк Корея калкы бомба сыноосу ийгиликтүү өткөнүн телекөрсөтүүдөн угушту, 6-январь, 2016-жыл.
Түндүк Корея калкы бомба сыноосу ийгиликтүү өткөнүн телекөрсөтүүдөн угушту, 6-январь, 2016-жыл.

Президент Барак Обама АКШ Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун сактоо милдетинен кайтпай турганын ырастады. Бул тууралуу Обама Түндүк Корея 6-январда суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган күндүн эртеси билдирди.

АКШ президенти коопсуздукка коркунуч келтирчү Пхеньяндын чектен чыккан аракеттерине каршы катуу чаралар көрүлө турганын ырастады. Барак Обаманын Түштүк Кореянын президенти Пак Хын Кеге жана Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэге кайрылуусунда союздаштар Түндүк Кореянын акылсыз саясатына карата бирдиктүү жооп берүү маселесине макул экенин билдирген.

Ошондой эле Ак үй тараткан билдирүүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түштүк Корея жана Жапония тышкы иштер министрлери менен кеңешме өткөргөнү айтылган. Анда Корей жарым аралына америкалык стратегиялык күчтөрдү жайгаштыруу маселеси талкууланган.

XS
SM
MD
LG