Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Адвокаттар милиция такталбаган маалымат берип жатат деп нааразы


Коопсуздук кызматкерлери жаңы жыл алдында 16 шектүү адамды кармашкан, Жалал-Абад, 25-декабрь, 2015-жыл.

Коопсуздук кызматкерлери жаңы жыл алдында 16 шектүү адамды кармашкан, Жалал-Абад, 25-декабрь, 2015-жыл.

Ош, Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери журналисттерге туура эмес маалымат берип жатышат. Мындай пикирин Сирияга барып келди деген шек менен камакка алынган жарандын адвокаты Валериан Вахитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, милиция кызматкерлери, ички иштер башкармалыктарынын басма сөз кызматчылары Ош, Жалал-Абад облустарында “Сирияга барып келди” деген шек менен камалгандар тууралуу так эмес маалымат берип жатышат:

-Мүмкүн эмес. Анткени, милиционерлер азыр журналисттерге берип жаткан маалыматтар соттун чечимине чейин эле кишини кылмышкер кылып коюп жатат. Мына ушунун өзү мыйзам бузуу. Кылмыш кодексинде бул боючна атайын берене бар.

24-декабрда Жалал-Абадда болгон окуядан кийин, Ош, Жалал-Абад облустарында 17 киши диний экстремизге шектелип кармалган. Милиция алардын ичинен төртөө Сирияга барып келгени аныкталды деп билдирген.(YI/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG