Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Иран Сауд Арабияны элчиликке кол салуу үчүн айыптады


Тегеран Сауд Арабиясын Ирандын Йемендеги элчилигине абадан сокку урду деп айыптады. Ирандык телеканалдардын маалымдашынча, элчиликтин күзөтчүлөрү ракетанын чачырап түшкөн жаракаларынан оор жараат алышкан.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хосейн Ансари Сауд Арабиясы элчиликтин имаратына келтирилген зыян жана кызматкерлери алган оор жараат үчүн жооп бере турганын айтты.

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөрдүн өкүлү шаршембиге караган түнү Йемендин борбору Санага аба соккулары урулганын ырастады. “Бирок соккулар элчиликтин имаратына эмес, шиит хусит көтөрүлүшчүлөрүнүн турумдарына каршы багытталган” деп билдирди коалициялык күчтөрдүн өкүлү.

XS
SM
MD
LG