Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстандын жаш футболчулары Орусиянын “Сатурн” клубу менен беттешет


Кыргызстандык жаш футболчулар Москвадагы даярдык учурунда.
Кыргызстандык жаш футболчулар Москвадагы даярдык учурунда.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 9-январда Москва шаарынын четиндеги «Новогорск» машыгуу борборунда Орусиянын “Сатурн” клубу менен беттешет. Таймаш шериктештик кубогуна даярданууга карата жүрүп жаткан машыгуунун алкагында өтөт.

Шериктештик кубогу 17-январда Санкт-Петербург шаарында башталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышат. Кубок 23-январга чейин уланат.

Кыргызстан “А” тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстан менен күч сынашат.

Жаштар курама командасында 22 жашка чейинки уландар бар.

Кыргызстандыктар машыгуу үчүн Москва шаарына 4-январда кетишкен. Ал жакта "Динамо" клубунун базасында машыгып жатышат. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG