Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Иран Сауд Арабиянын үстүнөн БУУга кайрылат


Йемендеги элчилигине абадан сокку урулганына байланыштуу Иран БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылууну көздөп жатат. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Хусейн Амир Абдоллахиян Сауд Арабиянын Йемендин башкалаасы Санадагы объектилерди бомбалоосунан ракеталардын бири өз элчилигинин имаратынын айланасында жарылып, анын кесепетинен күзөтчү оор жараат алганын жарыялады.

Сауд Арабия башында турган араб дүйнөсүнүн коалициясы Йеменде хусит козголоңчуларга каршы операция жүргүзүп келет.

Иран тарап Сауд Арабия элчиликтин имаратына келтирилген зыян жана кызматкерлери алган оор жараат үчүн жооп бере турганын айтууда.

Сауд Арабия жетектеген коалициялык күчтөрдүн өкүлү шаршембиге караган түнү Йемендин борбору Санага аба соккулары урулганын ырастады. Ошол эле маалда соккулар элчиликтин имаратына эмес, хусит көтөрүлүшчүлөрүнүн турумдарына каршы багытталганын кошумчалады.

Эки мамлекеттин алакасынын курчушуна Сауд Арабияда 2-январда шиит диниятчысы Нимр ан-Нимр менен террорчулук үчүн күнөөлөнгөн 46 адамдын өлүм жазасына тартылганы түрткү берген. Мунун натыйжасында Иранда массалык нааразылыктар чыгып, жарандар Эр-Рияддын Тегерандагы элчилигине жана Мешхеддеги консулдугуна чабуул жасашкан. Окуядан кийин Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык мамилени токтоткон. Андан соң Кувейт, Йемен, Мисир, Бириккен Араб Эмирлиги, Судан жана Бахрейн да Тегеран менен алакасын үздү. Расмий Эр-Рияд Иран менен согушту каалабай турганын белгилөөдө. Британиялык Economist басылмасына Сауд Арабиянын коргоо министри, мураскер канзаада Мухаммед бин Салман мындай пикир келишпестиктин арты чоң апаатка алып келерин, андыктан ага жол бербөө керектигин билдирди. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG