Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Консерваланган азыктан уулангандар ооруканага жетпей каза болду


Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына Тогуз-Тородон келатып жолдо эки киши көз жумган.

7-январь күнү республикалык ооруканага Тогуз-Тородон жана Кочкордон консервага ууланган 14 киши келип түшкөн. Алардын бири жаш бала. Ооруканадан "Азаттыкка" билдиришкендей, алардын бешөө реанимация бөлүмүндө, абалы оор, калгандары палаталарда жатышат.

Саламаттык сактоо министрлиги үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жаткандыгын белгилеп, мындай тамактан баш тартууну эскертет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG