Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

АКШда өзбек качкыны Фазлиддин Курбанов аскер академиясына чабуул жасоону мерчемдеген деген айып менен 25 жылга кесилди. Бейшембиде чыккан мындай сот өкүмүнө ылайык, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң ал мекенине депортацияланат. Өкүмдү окуган судья Эдвард Лодж Фазлиддин Курбанов Кошмо Штаттардын аймагында жихад жасоого ниеттенгенин айткан.

Жүк ташуучу машине айдаган, азыр 33 жаштагы Курбанов Өзбекстандан 2009-жылы чыгып кеткен. Ал сотто террорчу эмес экенин жана эч кимге залал келтирбегенин, андай ниети да болбогонун билдирди.

Прокурордун айтымында, Курбанов Өзбекстан ислам кыймылы террордук тобу менен байланышта болгон жана АКШнын аскерий жайларына, анын ичинде West Point аскер академиясына чабуул уюштурууну мерчемдеген.

АКШга 7 жыл мурда качкын катары барган Фазлиддин Курбанов 2013-жылы Айдахо штатынын Бойси шаарында камакка алынган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG