Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстанда “Шарли Эбдо” журналынын курмандыктары эскерилди


Кыргызстанда "Шарли Эбдо" журналынын курмандыктары эскерилди. Бишкек, 8-январь, 2016-жыл.

Кыргызстанда "Шарли Эбдо" журналынын курмандыктары эскерилди. Бишкек, 8-январь, 2016-жыл.

“Бир дүйнө Кыргызстан” адам укугун коргоо кыймылы бүгүн “Шарли Эбдо” журналынын курмандыктарын эскерди. Кыймылдын мүчөлөрү бир жыл мурда террорчулардын колунан мерт кеткендерди эскерип шам жагып, колдоруна “Шарли Эбдо” деген жазууну кармап турушту.

Укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эскерүү жалпы дүйнөдө адам укугун сактоонун тынч форматын колдоо, коррупцияны жана жакырчылыкты азайтып, элди ар тараптан агартууга жетишүүгө үндөйт. Укук коргоочунун айтуусунда, бул маселелер чечилмейинче коопсуздук элди да, өкмөттү да жүдөтө берет.

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, чоң талашка жем таштаган Charlie Hebdo журналынын редакциясына 2015-жылы 7-январда кол салынып, 12 адам мерт болгон. Алардын сегизи журналист, экөө полиция болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG