Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Анбар провинциясындагы аба соккуларынан "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун расмий өкүлү Абу Мухаммад аль-Аднани жаракат алганын Ирактагы эл аралык күчтөрдүн командачылыгынан кабарлашты. Анда террордук топтун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин жакын адамы жана мураскери саналган Аднани көп кан кетирип, оор абалда Мосул шаарына жеткирилгени айтылат.

Түбү сириялык Аднани учурунда Ирактагы АКШ аскерлери тарабынан туткунга да алынган эле. Ал былтыр Парижде жасалгандай чабуулдарды жасоо чакырыгынан соң АКШ мамдепартаменти анын башы үчүн беш миллион доллар сайган.

2014-жылдын июнунда ал Сирия менен Ирактын басып алынган аймагында "Ислам мамлекети" тобунун халифат түзүү ниетин жарыялагандан бери топтун башкы үгүтчүсү болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG