Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Кызыл-Кыяда ок атышуу болду


Бул тууралуу «Азаттыкка» окуяга күбө болгон шаар тургуну Кубат Асанов билдирди. Анын айтуусунда, саат 17:15 чамасында шаардын борборундагы банктардын биринин алдына эки киши келип, бир адамга ок чыгарышкан. Ок тийген киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Атылган октун бири жүргүнчү күтүп турган кичи автобуска да тийген. Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр баары аман-эсен, дейт окуянын күбөсү.

Бул маалыматты Кызыл-Кыя мэриясынан да тастыкташты. Кызыл-Кыя шаардык милициясынын башчысы Талант Мамытовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жарадар болгон жаран тирүү, ал эми атышкандар жаш балдар. Ок аткандар азырынча кармала элек.(YI/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG