Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Көлндөгү кол салууга катышкандардын бир тобу аныкталды


Германия - Көлндагы зордукчул аракеттерге каршы нааразылык акция, 5-январь, 2015.
Германия - Көлндагы зордукчул аракеттерге каршы нааразылык акция, 5-январь, 2015.

Германия бийликтери жаңы жыл алдында Көлн шаарынын бекетинде аялдарга кол салып, ыдык көрсөткөндөрдүн 18и баш калка үчүн арыз берген качкындар экени аныкталганын билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Тобиас Плейт кол салууга шектелгендердин баары кармалганын бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, полиция зордукчул аракет жасаган 31 кишини аныктады, алардын 18и баш калка сурап арыз бергендер болуп чыкты. Жаңы жылга оогон түнү полиция уурдоо, тоноо жана денеге залал келтирүүгө байланышкан 32 кылмыштык аракетти каттаган. Кармалгандардын үчөө аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн, бирок алардын ким экени айтылган жок.

Көлндөгү мындай зордукчул аракеттер Германиянын бир катар шаарларында нааразылык толкунун жараткан.

XS
SM
MD
LG