Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Хургададагы кол салууда үч турист жабыркады


Хургада
Хургада

Египеттин курорттук Хургада шаарындагы Bella Vista отелине кол салуу болуп үч турист жабыркады. Кол салгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда.

Бул тууралуу Египеттин Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жараат алгандар Дания жана Германиянын жарандары экени кабарланууда. Алар ооруканага жаткырылды. Кол салгандар полиция тарабынан жок кылынды. Жергиликтүү бийликтин айтымында, согушкерлер туристтерди уурдоо ниетинде келишкен. Өлкөнүн коопсуздук кызматы бул ишке тиешеси бар делген башка адамдарды да издөөдө.

Бейшембиде Каирдеге автобуска жана пирамидадан алыс эмес жайгашкан отелге кол салуу болгон. Анда жабыркагандар болгон эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG