Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Америка бийлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун интернет аркылуу үгүттөөгө каршы бөлүм ачуу чечимин чыгарды. Жаңы ачылчу бөлүм Мамлекеттик коопсуздук министрлигине карайт. Ошол эле кезде федералдык жана жергиликтүү коопсуздук агенттиктери менен бирге иш алып барат.

Калифорнияда өтчү Силикон өрөөнүндөгү интерент-компаниялардын жана Улуттук коопсуздук агенттиктеринин өкүлдөрүнүн жыйынында ушул маселе талкууга алынды.

"Facebook теророристтерди жана терорризмге үгүттөгөндөрдү жек көрөт. Биз маалыматтар такталгандан кийин аларды катардан чыгаруу үчүн активдүү иштейбиз”, - деди аталган социалдык тармактын өкүлү. Ак үйдүн штаб башчысы Дэнис Макдоно ири компания жетекчилерин атайын кызматтар менен тыгыз иштешүүгө чакырды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG