Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

“Ак шоола” балдар хору 30 жылдыгын белгилейт


"Ак шоола" (Сүрөт топтун жетекчиси Салтанат Шабданалиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
"Ак шоола" (Сүрөт топтун жетекчиси Салтанат Шабданалиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

“Ак шоола” менен ырдайбыз” же “Туулган күн” деп аталган мааракелик театрлаштырылган оюн-зоок концертине белгилүү опера, эстрада, фольклордук топтун ырчылары катышат. Алар “Ак шооланын” элге таанымал “Чыр бала”, “Мамалак”, “Мээрим” ырларын балдар менен чогуу ырдашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак шоола” балдар хорунун мугалими Салтанат Шабданалиева билдирди.

Маараке 18-январда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында түшку саат 14:00дө өтөт. Ага “Ак шооланын” алгачкы бүтүрүүчүлөрү да катышат.

Топту кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Гүлмира Эсенгулова жетектейт. Жаш аткаруучулар көптөгөн өлкөлөрдө болуп, бир катар эл аралык сыйлыктарды утуп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG