Вашингтондо АКШ президенти Барак Обаманын үй-бүлөсүнө таандык иттердин бирин уурдоого аракет кылган деген шек менен Түндүк Дакотанын тургуну камалды. Жашыруун кызматтын агенттери Скотт Стокерт деген жаран Бо же Санни деген иттердин бирин уурдоо үчүн келатат деген маалымат алышкан. Шектүү жарандын машинасынан ок атуучу курал жана ара тиши менен узун бычак табылган. Стокерт кармалгандан кийин бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Ал президенттикке ат салышарын да айткан. (КЕ)