Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Ооганстанда учкучсуз учактын соккусунан ИМдин 17 согушкери жок кылынды


Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Нангархан провинциясында Американын учкучсуз учагы жасаган соккудан кеминде 17 жоочу өлтүрүлдү. Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болгону айтылууда. Авиасокку урулган маалда жоочулар “Талибан” кыймылынын тарапкерлерин өлтүрүүгө камынып жатканын аталган провинциянын губернаторунун маалымат катчысы билдирди. Ооган маалымат каражаттарынын жазганына караганда, аба соккудан эки жайкын тургун жабыркады. Азырынча АКШ армиясы бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG