Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:47

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын суутек бомбасын сыноонун урматына куралдуу күчтөрдүн штабына барды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты. Ошондой эле ал атасы Ким Чен Ир менен чоң атасы Ким Ир Сендин мемориалына барганы айтылат.

Түндүк Корея 6-январда суутек бомбасын сыноо ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган. Буга кооптонгон кошуна Түштүк Корея менен Жапония тынчсызданууларын билдирген эле. Андан бир күн өтпөй президент Барак Обама билдирүү жасап, Кошмо Штаттар Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттенмелеринен кайтпай турганын ырастаган.

Бирок эл аралык эксперттер Түндүк Кореянын чын эле суутек бомбасын сынаганынан күмөн санашууда. Алар бул өтө кылдаттык менен, жогорку технологияны талап кылган сыноо экенин белгилешүүдө. Өз кезегинде Ким Чен Ын сыноону АКШ коркунучтарынан коргонуу аракети деп айтып, муну өлкөнүн мыйзамдуу укугу деп белгиледи. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG