Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

“Асман алдында” тасмасы Индияда көрсөтүлөт


Режисер жана сценарист Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында” тасмасы Индияда өтчү Азия фильмдеринин сегизинчи эл аралык фестивалына тандалып алынды. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идирисова билдирди. 28-январдан 4-февралга чейин Бангалор шаарында өтчү фестивалга Азиянын 12 өлкөсү катышат. Өткөн жылы аталган фестивалда дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 170тен ашуун фильм көрсөтүлгөн.

“Асман алдында” тасмасы Керим жана Аман деген өзүмчүл жана жөнөкөй бир туугандар, алардын бири-бирине болгон мамилеси жөнүндө тартылган. Анда сүйүү темасы да бар. Башкы ролдордо Анвар Осмоналиев, Таалайкан Абазова, Нуржигит Канаев, Жамал Сейдакматова жана башкалар ойногон. Фильм Ысык-Көлдө тартылган. “Асман алдында” өткөн жылы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлүп, калыстар тобунун атайын сыйлыгын алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG