Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Египеттин жаңы парламенти ишин баштады


Египеттин мурдагы парламенти. 2013-жыл
Египеттин мурдагы парламенти. 2013-жыл

Бүгүн Египеттин жаңы парламенти үч жылдан кийин алгачкы жыйынын өткөргөнүн Al Arabiya телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, 592 кишиден турган депутаттар ант берди. Парламентаризм тарыхында Египет депутаттардын саны эң көп парламент катары аталууда. Алгачкы жыйынды эң улуу депутат катары 77 жаштагы Баха ад-Дин Абу Шикка башкарды. Ушул эле күнү парламентарийлер спикер жана анын орун басарларын шайлашы керек. Жакынкы эки жумада мыйзам чыгаруучулар жүздөгөн мыйзамдарды карап чыгышы зарыл. Спикерликке талапкер катары 2013-жылы убактылуу президент болуп турган Адли Мансурдун аты аталууда.

Жаңы парламентте президент Абдел Фаттах ас-Сисинин альянсы көпчүлүктү түзөт. 568 мыйзам чыгаруучу добуш берүү аркылуу шайланса, 28ин Сиси өзү кошумча дайындаган. Египетте парламенттик шайлоо 2011-12-жылдары мурда президент Хосни Мубарак бийликтен кулатылган соң алгач ирет ачык өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG