Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:28

Түркияда Күрт жумушчу партиясынын 30дан ашуун согушкери жок кылынды


Түркиянын коопсуздук күчтөрү дем алыш күндөрү Күрттөрдүн жумушчу партиясынын согушкерлери деп шектелген 32 кишини тындым кылышты. Тыюу салынган топтун ондогон согушкери чыгыштагы Ван чөлкөмүндө, дагы бир нечеси Ирак менен чек ара аймагында жок кылынды. Расмий адамдардын айтымында, күрттөр басымдуулук кылган Диярбакыр шаарында 10-январда армиянын бир жоокери жана бир полициячы окко учту. Түрк куралдуу күчтөрү өткөн декабрдын орто ченинде баштаган операцияда бардыгы болуп Күрт жумушчу партиясынын 448 согушкери өлтүрүлдү. Партия этникалык күрттөрдүн автономиясын жана укуктарын кеңейтүү үчүн күрөшүп келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG