Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Бүгүн Акматбек Келдибековдун соту болот


Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун жана прокуратуранын апелляциялык арызы каралат. Бул тууралуу Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров маалымдады. Белгилүү болгондой Келдибеков да, прокуратура да Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, аны жокко чыгаруу талабы менен өткөн жылдын соңунда Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 2013-жылы коррупция, кызмат абалынан пайдалануу беренеси боюнча айыпталып кармалган Келдибековду райондук сот коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачууда кызмат абалынан аша чапкан деп таап, 3 млн. сом айыппул салган. Келдибеков аны толук актоону, ал эми прокуратура жазаны күчөтүүнү талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG