Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Араб өлкөлөрүнүн лигасы Иранды айыптады


Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 10-январда Каирде болгон жолугушууда Иран эл аралык келишимдерди бузууда, Тегерандагы Сауд Аравиянын элчилигин коргой албады деп сынга алышты. Шийиттер көп жашаган Ливандын тышкы иштер министри гана ага каршы болду. Министрлер кабыл алган билдирүүдө Иранга каршы кабыл алына турган чаралар көрсөтүлгөн эмес. Сауд Аравиясы Иран менен дипломатиялык мамилесин 2-январда үзгөн. Ага көрүнүктүү шийит динаятчысы Нимра ан-Нимранын Сауд Аравиясында өлтүрүлүшү Иранда кескин айыпталышы жана анын негизинде Тегерандагы Сауд Аравиясынын элчилигине чабуул себеп болгон. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Сауд Аравиясы дипломатиялык жаңжалды күчөтүү менен Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратууну көздөөдө деп 10-январда билдирди. Бул күнү Тегеранга келген Сирия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Стеффан де Мистура Мохаммад Зариф эки мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыш Сирия боюнча сүйлөшүүгө таасир этпесине ишендиргенин билдирди. Сирияда тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр 25-январда башталыш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG