Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

10-январда Франция теракт курмандыктарын эскерди


“Шарли Эбдо” сатиралык журналына жасалган чабуулга бир жыл болгонуна байланыштуу Парижде миңдеген адамдар чогулуп, теракттардын курмандыктарын эскерди. 2015-жылы январда Парижде жана айланасында болгон теракттарда 17 кишинин жаны кыйылса, ноябрда террорчулардын колунан 130дай бейкүнөө киши набыт кеткен.

Франция президенти Франсуа Олланд жана Париждин мэри Анн Идалго Париждеги Республика аянтына орнотулган эскерүү тактасын ачышты. Ырчы Жонни Холлидей жана аскер хору Франциянын гимнин аткарды. Эстелик тактай жөөттөрдүн дүкөнү жана сатиралык журналга чабуулду эскерүү жумалыгынын алкагында ачылды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG