Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Жайылдагы жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды


Чүй облусунун Жайыл районундагы жол кырсыгынан эки киши мерт кетип, тогузу жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-январда кечки саат 10дор чамасында болгон. "Мерседес-Бенц Вито" жана "Хонда Степ Вагон" үлгүсүндөгү машиналар Бишкек-Ош автожолунун 169-чакырымында кагылышкан. Жараат алгандар Кара-Балта ооруканасына жаткырылды.

2015-жылы Кыргызстанда беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Кырсыктан мерт болгондордун саны 800дөн көп. Жараат алгандар 7594 адам. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG