Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Индиянын улуу эпосу “Махабхарата” кыргыз театрында коюлат


Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында 2016-жылдын февраль айында элчиликтин сунушу менен Индиянын улуу эпосу “Махабхарата” көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков билдирди. “Махабхарата” драмасын акын, драматург Алтынай Темирова жазды. Автордун айтымында, пьесада Индия элинин улуттук энциклопедиясына айланган көлөмдүү чыгарманын өзөгүндөгү негизги окуялар чагылдырылды. “Махабхарата” эпикалык татаал сюжеттен куралган. Анда миф, легенде, лирика, насаат, диний ишенимдер, кудайлар тууралуу баяндар жана Индия адабиятынын өзгөчөлүктөрү камтылган. Көлөмү жетимиш миңден ашык эки сап ырдан куралган, жалпысы он сегиз китептен турат. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG