Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Урмат Аманбаева ооруканага которулду


Урмат Аманбаева
Урмат Аманбаева

Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаева Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын адвокаты Жыргал Бабаев ырастады. Анын айтымында, экс-депутат учурда Улуттук хирургия борборунда дарыланууда.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Урмат Аманбаеваны Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борбордо башкы эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган.

Эртең, 12-январда Бишкек шаардык соту Аманбаевага байланыштуу доо арызды карашы керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG