Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Депутат Жоомарт Сапарбаев мандатын тапшырат


Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты эл өкүлү өзү “Азаттыкка” ырастады. Ал мындан ары өзүнүн жеке иштери менен алек болорун жана анын кетишинде эч кандай саясат жок экенин белгиледи. Ошондой эле Сапарабев партиянын курамында кала берерин кошумчалады. Анын ордуна мурдагы чакырылышта депутат болгон “Ата Мекендин” мүчөсү Абдимуктар Маматов келет.

Сапарабев 5-чакырылыштагы эң жаш депутат болгон. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын активдүү мүчөсү катары таанылган. Кийин ХИПИКке кирүү боюнча программага каршы чыккан жаш саясатчылардын катарында жүргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG