Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Сотторду тандоо кеңешинин сотторду ылгоо механизми эч кимдин кесипкөйлүгүн аныктай албайт, тескерисинче, сотторду коркутуп көнгөндөрдүн курмандыгы гана болууда. Бул тууралуу бүгүн Ошто райондор аралык соттун судьялыгына талапкер Союзбек Аманов маалымат жыйынында билдирди.

Ал Сотторду тандоо кеңешинин биринчи айлампасында 90%, экинчи айлампасында 70% туура жооп бергенин, акыркы айлампада өзүнүн үстүнөн жазылган арыз текшерилбей туруп, алган упайы азайганына наразы экенин айтты.

Судьялыкка талапкер Союзбек Аманов сотторду тандоо үчүн биринчи турда реалдуу иштер боюнча соттук жараян уюштурууну, экинчи турда соттук иш кагаздар, үчүнчү турда мыйзамдарды билүүсү боюнча сабаттуулугун текшерүүнү сунуштады.

Мындан сырткары Союзбек Аманов өзүнөн экзаман алган Сотторду тандоо кеңешинин курамын да сотко бергенин жарыялады.

Оштогу райондор аралык соттогу беш орунга 47 талапкер ат салышууда. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG