Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Исламабадда Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Талиптер
Талиптер

Исламабадда Пакистан, Ооганстан, АКШ жана Кытайдын дипломаттары ооган өкмөтү менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо планын түзүүгө аракеттенишүүдө. Талкууга Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Карзай жана Пакистандын тышкы мекеме башчысы Айзаз Чодри катышууда.

Бирок сүйлөшүүлөргө "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү чакырылган жок.

Ооган өкмөт башчысынын маалымат катчысы Жавед Файзалдын айтымында, жолугушуу Кабул менен талиптердин тикелей диалогун уюштуруунун механизмдерин иштеп чыгууну көздөйт.

Пакистан 14 жылдан бери уланып келаткан козголоңго чекит коюу сүйлөшүүлөрүнө катышууга ниеттенген "Талибан" өкүлдөрүнүн тизмесин сунуш кылмакчы.

XS
SM
MD
LG