Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Радикалдардын колундагы Хавижа шаарынын тургундары жер которушууда


Ачкачылыктан жана жихадчылардын басымынан качып чыккан хавижалыктарга Ирактын коопсуздук күчтөрү жолдо жардам берүүдө. 9-январь, 2016-жыл
Ачкачылыктан жана жихадчылардын басымынан качып чыккан хавижалыктарга Ирактын коопсуздук күчтөрү жолдо жардам берүүдө. 9-январь, 2016-жыл

Ирактан келген кабарларга караганда, Хавижа шаарынан жүздөгөн киши ачарчылык жана “Ислам мамлекети” радикал уюмунун башкаруусунан качып, башка жерлерге көчүп кетишүүдө. Алардын көбү Ирактын коопсуздук күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга бараткан жолдо каза таап жатышат.

Хавижа чөлкөмүнүн полиция башчысы полковник Фаттах ал-Хафажи бүтүндөй үй-бүлөлөр балдарын жетелеп алып, суукта Хамрин тоолору аркылуу коопсуз аймактарга жетебиз деп эки күн бою жол жүрүп жатышканын айтты. Алар Ал-Фатха аймагында баш калка табууга аракеттенишүүдө. Ал жерде өкмөттүк армия качкындарды кабыл алып, жардам берип келатат.

Борбор шаар Багдаддан 200 километр алыс жайгашкан Хавижа жихадчылардын таянычы бойдон кала берүүдө, бирок акыркы күндөрү коопсуздук күчтөрү аларды курчоого алууга аракеттенип жатат. Күрттөрдүн Пешмерга кошуундары шаардын түндүк жана чыгыш тарабына жакындашса, Ирактын өкмөттүк армиясы жана шийиттердин бөлүктөрү түштүк менен батыштан чабуул коюп келатышат.

XS
SM
MD
LG