Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

11-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек жолунун 45-90- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -2…+3 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -13…-18 суук;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -1…+4 градус.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5 градус жылуу.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 0...-5 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөйт.

12-январда Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз 0…2 градус жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG