Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Сириянын бир нече шаарында гуманитардык абал оорлошту


Мадайя калаасындагы эл
Мадайя калаасындагы эл

Сириянын камоодо калган Мадайя калаасына гуманитардык жардам жеткирилет. Кайрымдуулук уюмдары шаар жашоочулары ачарчылыктан жапа чегип жатышканын айтып, бир нече убакыттан бери коңгуроо кагып келатышат.

Козголоңчулар көзөмөлдөгөн Мадайяга азык-түлүк 10-январда жөнөтүлмөк, бирок ал иш кечеңдеп жатат. Кызыл чырым эл аралык уюмунун Сириядагы өкүлчүлүгү камоодогу үч шаарга гуманитардык жүк бүгүн алынып келээрин маалымдады. Ливия менен чек ара аймагындагы Мадайянын калкы 40 миң кишиге жетет. Эптеп аман калуу үчүн алар акыркы күндөрдө көк чөп жана үй жаныбарларын жеп жатышканын айтышууда. Чек арасыз дарыгерлер эл аралык уюму элдер тамак-аштын, дары-дармектин тартыштыгынан жапа чегип жатканын айтып, гуманитардык жардам бир эле ирет эмес, туруктуу жөнөтүлүп турууга тийиш экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG