Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Келдибековдун сотун видеого тартууга тыюу салынды


Ушул тапта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун жана прокуратуранын апелляциялык арызы каралууда. Анда соттук жараянды аудиого жаздырууга гана уруксат берилип, видеого тартууга тыюу салынды. Ишти кароонун алдында Курманбек Осмоновдун коомдук жактоочу катары катышуусу боюнча маселе жаралды.

Буга чейин Осмонов сотко “Ата-Журт” фракциясынын атынан катышып келген. Судья азыр башка парламент иштеп жаткандыктан анын коомдук жактоочу катары ыйгарым укугу бүткөнүн белгиледи.

Буга чейин Келдибеков да, прокуратура да Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, аны жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 2013-жылы коррупция, кызмат абалынан пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалган Келдибековду райондук сот коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачууда кызмат абалынан аша чапкан деп таап, 3 млн. сом айыппул салган. Келдибеков аны толук актоону, ал эми прокуратура жазаны күчөтүүнү талап кылууда. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG