Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Грузиянын бейпилдик күчтөрү Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына жайгашты


Грузиялык жаңы бейпилдик контингенти Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына келди. Аскерлер былтыркы январдан бери ооган куралдуу күчтөрүн машыктыруу жана жардам берүү боюнча согуштук эмес миссияга катышып келатат. Грузиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, "Альфа" ротасынын ордуна жайгашкан "Браво" деген батальон күжүрмөн аракеттерге катышмакчы. Грузиялык жоокерлер немис контингентинин курамында кызмат өтөйт. Атап айтканда, аларга "Мармал" базасынын коопсуздугун камсыздоо озуйпасы жүктөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG