Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Келдибековдун соту 19-январда уланат


Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун ишин кароону 19-январда улантат. Ал күнү күбөлөр суралат. Бүгүнкү соттук отурумда Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров күбө катары парламенттин 5-чакырылышындагы депутаттарды кайрадан чакыруу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Коррупция, кызмат абалынан пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалган Келдибековду 12-ноябрда райондук сот коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачууда кызмат абалынан аша чапкан деп таап, 3 млн. сом айыппул салган.

Келдибеков сотунун чечимине нааразы болуп, аны жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Прокуратура жазаны күчөтүүнү талап кылууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG