Бул тууралуу Токтонасыров өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 12-январда ал өкмөт үйүнүн алдына узун таяктын учуна өтүк илип алып, “Өзүңөрдү өзүңөр билип, өтүгүңөрдү төргө илбегиле!” деген ураан менен чыгат.
Акция Орусиянын телеканалдарына өкмөт тарабынан жагымдуу шарт түзүү максатына каршы багытталмакчы.
Маалым болгондой, кыргыз аткаруу бийлиги орус өкмөтү менен “Коммуникация тармагында кызматташуу боюнча” келишимдин долбоорун колдоп жатат. Ал келишимде Орусиянын ОРТ жана “РТР-Планета” телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө шарт түзүү каралган. (AiT)