Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Бишкектин айрым райондорунда бир аптага газ өчүрүлөт


13-19-январь күндөрү Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газына чектөө кирет. “Газпром Кыргызстан” компаниясы бул газ түтүктөрүн калыбына келтирүү иштерине байланыштуу экенин билдирүүдө. Маалыматка караганда, Махатма Ганди, Щербаков, Мусоргск, Боталиев көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, Чоң Чүй каналы жана Аламүдүн районунда газ өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" алдыңкы жылдарда эски газ түтүктөрүн жаңылап, 2019-жылдын аягына чейин Бишкекте 33 чакырым газ түтүкчөсүн куруп, 40 миңден ашык үй жана имаратты газ менен камсыздай турганын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG